Адамзат тарыхында ири жоготуу алып келген экинчи дүйнөлүк согуш кандуу дагы, каргашалуу дагы болгон.
Экинчи дүйнөлүк согушка 61 мамлекет катышып, бул дүйнө калкынын 80 пайызын түздү. Согуш аракеттери Евразияда, Африкада, бардык океандарда жүрүп турду. Согуш 70 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алса, анын 27 миллиону ССРдин жарандары болгон.