Жаңылыктар
Баткенде ата-энелер арасында китеп сынагы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде ата-энелер арасында китеп сынагы өттү

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинде ата-энелер арасында китеп сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чара ата-эне менен бала ортосундагы байланышты чыңдоого, билимге болгон кызыгууну арттырууга багытталган.

Кызыл-Жол конушунун жашоочулары Мамбетасан Ибраевдин калемине таандык «Миң кайык» чыгармасынын негизинде уюштурулган китеп сынагына жигердүү катышты. Бул чыгарма бир нече агартуучулардын сунушу менен тандалып алынган.

Китепке негизделген билим таймашы мектептин базасында тест түрүндө өткөрүлүп, ага жалпысынан 70ке чукул ата-эне катышты.

Сынактын катышуучуларынын бири - Каныкей Мамасали кызы. Ал Кызыл-Жол конушунун тургуну, төрт баланын энеси. Анын эки баласы ушул эле мектепте билим алат. Айтымында, мындай иш-чаралар ата-эне менен баланын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, үй-бүлөлүк байланыштарды чыңдайт.

Иш-чара аймактагы «Жакшылыкта жарыш» фонду демөөрчүлүгүнүн негизинде жүзөгө ашкан. Жыйынтыгында жакшы натыйжа көрсөткөн катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлык жана дипломдор ыйгарылды.