Жаңылыктар
Таласта саздак жерге 5 миң көчөт отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта саздак жерге 5 миң көчөт отургузулду

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караган саздак жерге ак кайыңдын 5 миң көчөтү отургузулду. Аталган аймак Суусамыр-Талас-Тараз жолунун боюнда жайгашкан.

Бош жаткан жерди көрктөндүрүүнү Шумкар-Уя айыл өкмөтү 2 жылдан бери ишке ашырып келет. Өткөн жылы 5 миң көчөт отургузулуп, анын 70% көктөгөн.

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу акциясына Шумкар-Уя айыл аймагынын бардык мекеме-уюмдарынын кызматкерлери катышты. Быйыл райондогу ар бир айыл өкмөткө 1000 түп көчөт отургузуу тапшырмасы берилген.