Быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Муну менен өткөн 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өлкөдө орточо айлык акы 17,8 пайызга өскөн.
Эмгек акынын эң көп өсүшү курулуш, тоо-кен өндүрүшү, маалымат жана коммуникациялар сыяктуу тармактарда катталган. Мындан тышкары кыймылсыз мүлк менен операция жүргүзүү, ресторан жана мейманкана кызматтары, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк багыттарында да эмгек акы көбөйгөн.