11-апрелде Мьянма аймагында кулчулукта кармалып турган 7 жаран транзиттик негизде кыргызстандык 7 жаран мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар эмгек миграциясына байланыштуу алдамчылык схемалардын курмандыгы болушуп, жогорку маяна төлөнүүчү жумушка орноштуруу жалган убадаларга ишенип, Мьянма аймагындагы аскердик лагерлерде мыйзамсыз кармалып турушкан.
Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө кыргыз жарандары адам соодасы схемаларына тартылып жаткан учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо, өзгөчө расмий эмес каналдар аркылуу, мүмкүн болушунча сак жана этият болууга чакырат.