17-апрелде төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 09:00дөн 16:00гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Аймактар:
- Абакан көчөсү-Дэн Сяопин пр. - Кустанай көчөсү-темир жол линиясы;
- Кустанай көчөсү-Волков көчөсү-Садыгалиев көчөсү, - Дэн Сяопин пр.
Ичүүчү суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.