1941-жылдын 22-июнуна караган түндүн таңы болчу. Жер бетине үстөмдүк кылам деген Адольф Гитлер башында турган Германия СССРге кол салып, авиация, аэродром жана темир жол түйүндөрүн, деңиз-аскердик базаларды, чек арага жакын жайгашкан шаарларды бомбалап кирип келген. Бул учурда фашисттик армия Европа өлкөлөрүн каратып алган. Кыйын кырдаалда ага кошулуп Румыния, Италия, бир нече күндөн кийин Словакия, Финляндия, Венгрия, андан кийин Норвегия СССРге каршы чыккан.
“Барбаросс” операциясынын негизинде Адольф Гитлер Союздун аскер күчтөрүн толук талкалап, кыркынчы күн дегенде Москваны басып алууну максат кылган. Ошондон тарта Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган. Миллиондор мекен үчүн жанын берди, калк кайгы жутту, шаарлардын күлү көккө сапырылды, турак-жайларга бомба жаадырылды, өрт кечилди, бирок Совет элинин эрки майтарылган жок. 1941-жылдын 7-ноябрында Кызыл Аянтта Кызыл Армияга кубат болсун деп парад өткөрүлдү. Ал аркылуу СССР Германияга каршы акыр аягына чейин салгылашып, тынчтыкты орноторун жарыялады. Ошентип согуш 1945-жылдын 9-майында фашисттик блокко кирген өлкөлөрдүн толук талкаланышы менен аяктаган.
ХХ кылым Экинчи Дүйнөлүк согушу менен элдин эси-көөнүнөн кеткис болуп калды. Андагы адам жоготуулардын санынан жүрөк түтөйт. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу 26 млн. 600 миң адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8 млн. 700 миңден ашууну апаат талаасында курман болсо, 7 млн. 42 миң адам оккупацияланган аймактарда фашисттик армия тарабынан атайылап жок кылынган. Ал эми 4 млн. 100 миңден ашыгы режимдин катаал шарттарынан өлгөн.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашык адам катышып, анын 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул мамлекет ар бир төртүнчү жаранын апаатка жөнөттү дегенди түшүндүрөт. Баалоо боюнча 1946-жылдын башында 1941-жылдын башындагыга салыштырмалуу республика элинин саны 1 млн. 457 миң адамга чейин кыскаруу менен 1 млн. 588 миң адамды түзгөн.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык адам катышкан болсо, алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам - Даңк орденинин ээси. Ал эми 73 жоокер Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун баатыры болгон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калды. Алардын ичинде апааттын катышуучулары, блокадачылар жана концлагерлердин туткундары бар. Согуштун 14 катышуучусу Бишкек шаарынын Биринчи май (3) жана Октябрь (3) райондорунда, ошондой эле Жайыл (3), Аламүдүн (1), Ат-Башы (1), Сузак (1), Базар-Коргон (1) жана Ноокен (1) райондорунда жашаса, 7 концлагердин туткуну Бишкек (5) жана Жалал-Абад (1) шаарларында, ошондой эле Жайыл (1) районунда күн кечирет. Ал эми 11 Ленинград блокадачысы Бишкекте (9), Сокулукта (1) жана Балыкчыда (1) жашайт.
Фронттогу жоокерлерди азык-түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда ооруктун эмгекчилери зор иштерди жасашкан. Ушул учурда өлкөдө ооруктун майыптыгы бар 60 жана майыптыгы жок 352 болуп, жалпы 412 эмгекчилинин көзү тирүү.
Кубаттуу мамлекетке айланууну максат кылган Германиянын Совет элинен болуп көрбөгөндөй жооп алганы – тарых. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!