Жаңылыктар
Эсеп палатасынын инспектору 200 миң сом алып саткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
 Эсеп палатасынын инспектору 200 миң сом алып саткан жеринен кармалды

УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору А.Э.А. кармалды. 

Тактап айтканда, кармалган жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы билим берүү субъекттерине (жалпы орто билим берүү мектептерине) республикалык бюджеттен бөлүнүүчү акча каражаттарын чыгымдоо боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөндүгү аныкталды.

Ошол эле учурда А.Э.А. материалдык пайда алуу максатында Ысык-Ата районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жашырып, оң аудитордук корутунду чыгаргандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2025-жылдын 11-апрелинде Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору А.Э.А. 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

 2025-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен А.Э.А.га карата 2025-жылдын 10-июнуна чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.