Талас районунда жалпы 38 суу топтоочу жай бар. Быйылкы жылы кооптуу деп эсептелген Кен-Кол айыл өкмөтүнө караштуу «Жан» суу топтоочу жайын жана Чоң – Алыш айыл аймагындагы суу топтоочу жайларды тазалоо пландалган.
“Жан” каналына топтолгон суу райондогу 500 га жер аянтына жеткирилет. БСРдин тазаланышы менен дыйкандар сугат сууну өз учурунда алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.