Жаңылыктар
Айылдык китепкананын китеп фонду толугу менен күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Айылдык китепкананын китеп фонду толугу менен күйүп кетти

Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылындагы китепкана жана айыл башчынын имаратынан чыккан тилсиз жоо 1 миллион 46 миң 590 сомдук материалдык зыян келтирди.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришкендей, өрт электр чубалгысынын кыска чыңалуусунан чыгып, имарат толук күйүп кеткен. Андан айыл башчынын кеңсеси 874 миң 119 сом, китепкана 172 миң 471 сомдук зыян тартканы болжолдонууда. Китепканада 4999 китеп болгон.

Ушул айдын онунда таңга маал чыккан өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр барган учурда айыл башчынын имараты толугу менен күйүп, чатыры ичти көздөй кулап, ичиндеги эмеректер дээрлик бардыгы күйүп кеткени аныкталган.

Айыл башчынын административдик имараты фин тибинде жыгачтан аштап салынган, сырты бышкан кирпич менен курчалган. Азыркы мезгилге чейин айыл  башчынын кеңсеси жана китепкана болуп  пайдаланылып келген.