Жаңылыктар
Балыкчыда “Кыргыз дүйнөсү” туристтик комплекси курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда “Кыргыз дүйнөсү” туристтик комплекси курулат

Балыкчы шаарында “Кыргыз дүйнөсү” аталышындагы ири туристтик комплексин куруу иштери башталды. Аталган комплекс туристтик инфрастүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган.

Туристтик жай шаардын кире беришиндеги экологиялык посттун жанына курулууда. Ал эми экопост алынып салынды. Анын негизги бөлүгү Се́менов Тянь-Шанскийдин эстелигинин жанында жайгашмакчы. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, “Кыргыз дүйнөсү” комплекси жалпы 3 гектар жер аянтын ээлеп, маалымат борбору болот. Аны менен катар соода-сатык жүргүзүүгө ылайыкталган ири комплекс куруу дагы пландалууда.

Аталган комплекс  аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканы жакшыртууга багытталат. Туристтер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, ошондой эле жергиликтүү калкка кошумча иш орундар пайда болот.

Комплексти быйыл жыл аягына чейин бүтүрүү белгиленген. Ал аймактагы туризмди өнүктүрүүдө маанилүү элемент болуп эсептелет.