Жаңылыктар
Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 140тай өмүр кыйылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 140тай өмүр кыйылды

Өлкөдө жыл башынан бери 1800дөн ашык жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 140тан ашык жаран каза болуп, 2000ден ашык адам жаракат алган. 

Бул тууралуу  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат кызматкери Гүлназ Орозалиева бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Бул жол кырсыктарынын 400дөн ашууну жаш балдар кабылган кырсыктар. Андан 17 бала каза таап, 500дөн ашык бала жаракат алган.

Жол кырсыктарынын дээрлик 90 пайыздан ашыгына айдоочулардын жол эрежесин билбегени себеп болууда. Мындай кырсыктардын алдын алуу максатында эми 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежеси боюнча суроолорго жооп бере баштайт. 

Эрежени билбеген айдоочулардын күбөлүгү алынып, кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Учурда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелери боюнча китепчелер таратылып жатат.