Жаңылыктар
УКМК «Айфон 16» жана «Самсунг S25» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүнү токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК «Айфон 16» жана «Самсунг S25» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүнү токтотту

Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзгөн кымбат баалуу iPhone 16 жана Samsung S25 уюлдук телефондорунун ири партиясын мыйзамсыз алып келүү аракетинин алдын алды.

Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана материалдарды мыйзамсыз алып өтүү фактылары жөнүндө (0312) 66-04-75 , 62-65-04 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.