Жаңылыктар
Нарында 3 айда 36 жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 3 айда 36 жол кырсыгы катталды

Быйылкы жылдын биринчи кварталында Нарын облусунун аймагында 36 жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, жол кырсыгынан 8 адамдын өмүрү кыйылган, 67 адам ар кандай жаркат алган. Анын ичинен балдар кабылган 6 кырсыктан 9 өспүрүм жаракат алган.

Өткөн үч ай аралыгында  7 миң 243 айдоочу жол эрежесин бузган. Аларга 16 миллиион 920 миң сом айып салынып, мамлекетке 5  миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөн. Мас абалында автоунаа башкарган 97 айдоочу айдоо укугунан ажыратылып, 14 айдоочу камакка алынган.

Жыл башынан бери жол сакчылары тарабынан үгүт-насаат багытындагы "Рулда", "Жүргүнчү ташуучу унаалар", "Ылдамдык", "Кайра жабдуу", "Фуражка", "Авторозыск-Костоправ", "Абайлагыла балдар!", “Каникулда коопсуз жол”, Авто жана жөө жүрүш”,  “Коомдук транспорт”, "Техникалык кароо" деген аталыштарда бир нече рейддер уюштурулган.

Ошондой эле мектеп окуучуларына жол кырсыктарын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугуна багытталган жолугушуулар уюштурулуп, маалыматтар берилген.