Президент Садыр Жапаровдун “Бир жаранга бир көчөт” демилгесин ишке ашыруу максатында Талас райондук токой чарбасынын карамагындагы 1,5 га жер аянтына 700 даана чычырканактын көчөтү отургузулду.
Чычырканактын көчөттөрү жер кыртышын жакшыртып, дарылык касиети бар мөмөлөрдү берет.
Көчөт тигүү демилгесин Талас районунун 1977-жылы туулган жаштары колдоп, токойчуларга жардам көрсөтүп, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга өз салымдарын кошту.