Жаңылыктар
Баткен облусу менен Өзбекстандын чектеш аймактары кызматташууну күчөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусу менен Өзбекстандын чектеш аймактары кызматташууну күчөтөт

Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолукту.

Тараптар Баткен облусу менен Өзбекстандын чектешкен аймактарынын ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Анын ичинде соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жыйынтыгында жакынкы убактарга пландалган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусундагы Эл аралык ыр фестивалын Баткен шаарында уюштуруу, маданий гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле кошуна элдин карым катнашын бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү үчүн Өзбекстандын жакынкы облустары менен Баткен облусунун ортосунда маршруттук каттамдарды уюштуруу маселесин ортого салышты.

Ал эми жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ишкерлер ортосунда байма-бай жарманкелерди өткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Айбек Шаменов менен Зафарбек Ахмедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев буга чейинки эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерге ылайык, бардык багыттарда зор мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, ар тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө ынтызарлыгын жана ишенимин билдиришти.