Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А. пара талап кылуу фактысы менен кармалды.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А., К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн 85 000 сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган. Бирок бул өкүм Жогорку Сот тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. Андан улам бөлүм башчы алган акчасын кайтарып бермекчи болгон.
2025-жылдын 11-апрелинде мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда А.Э.А. кармалып, соттун санкциясына ылайык Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.