Жаңылыктар
Бүгүн Бишкекте дагы 476 үй-бүлө үйлүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкекте дагы 476 үй-бүлө үйлүү болду

Бишкекте бүгүн, 16-апрелде Мамлекеттик ипоткалык компания тарабынан салынган батирлер ээлерине тапшырылууда. Аталган иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев катышты.

“Мурас” турак жай комплекси Бишкек шаарынын К.Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү тапшырылган үйдө бир бөлмөлүү - 204, эки бөлмөлүү - 102, үч бөлмөлүү - 170 батир жайгашкан.

Турак жай комплекси жалпы 18 жана 24 кабаттуу 39 блоктон турат. Жалпы батирлердин саны — 4 754, янты — 278 278,6 чарчы метр, участоктун аянты — 8,7 гектар. Газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.

Турак жай комплексинин бардык этаптары быйыл толугу менен бүткөрүлөт.

2024-жылдын декабрь айынын аягында “Мурас” турак жай комплексинде 510, Скрябин көчөсү, 45а дарегинде 549 жана 2025-жылдын 11-апрелинде Ч. Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде 612 үй-бүлө жаңы үйдүн босогосун аттаган.