Жаңылыктар
Президент: Муктаждар үчүн бардык район, облустарда жаңы үйлөр курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: Муктаждар үчүн бардык район, облустарда жаңы үйлөр курулууда

Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин тапшыруу учурунда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Бишкек шаарында гана эмес, бардык облустарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда да муктаждар үчүн жаңы үйлөр курулуп жатканын белгиледи.

“Бишкек шаарында гана эмес, бардык облустарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда да муктаждар үчүн жаңы үйлөр курулууда”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөрдү тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Борбор калаабыздын урматтуу тургундары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн биз турак жай жаатындагы дагы бир маанилүү окуяга - мамлекеттик деңгээлде ишке ашып жаткан “Менин үйүм” программасынын ырааттуу уландысына күбө болгону чогулуп олтурабыз.

Жүргүзүп жаткан саясатыбыздын алкагында жарандарыбыздын дагы бир тобуна үй тапшырылып жатканына мен дагы кубанып турам. Бүгүн көптөн күткөн тилеги орундалып, “өз үйүбүзгө киребиз” деп сүйүнүп турган жарандарыбыздын кубанычтары менен тең бөлүшөбүз.

Бүгүн мен алардын жакшылыгына ортоктош болуп, куттуктап кетүүнү эп көрдүм. Кымбаттуу үй ээлери, жаңы жашоонун башаты, келечекке жаңыча кадам таштаган бүгүнкү унутулгус кубанычтуу күнүңөр менен чын дилимден куттуктаймын! Ак өргөөңөр кут болсун!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын 1-беренесинде Кыргызстандын социалдык мамлекет экени так белгиленген. Андыктан өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезекте маани берип келебиз.

Биз элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечүү аркылуу мамлекетибиздин экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө жетишебиз.

Мына бүгүн биз турган Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү турак жай комплексин экинчи этабы аяктап, 476 батир ээлерине тапшырылганы турат.

Өзүңүздөргө маалым, бул ири долбоордун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарыбыздын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек.

Бүгүн бул долбоорлордун 2-этабынын ийгиликтүү аякташы “Менин үйүм” программасынын ырааттуу ишке ашып жаткандыгын тастыктап турат. Ал эми бул турак жай комплекси 2026-жылы соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет.

Убакыт бир орунда токтоп тура бербеген сыңары, мезгилдин өтүшү менен жер жаңырып, эл өзгөрүп, өркүндөп өсө берет экен.

Бул жерде мурда башка жай болсо, эми минтип, бул чөлкөм таптакыр башкача түргө өзгөрүп, жаңы турмуш башталып жатат. Буюрса, короодо бака-шака түшүп, жаңы кошуналар кобурашып, жандарында балдардын күлкүсү жаңырып, бейпил жашоо уланат.

Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, бүгүнкү күндө өлкөбүздө турак жай курулуштары жогорку темп менен жүрүп жатат. Бишкек шаарында гана эмес, бардык облустарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда да муктаждар үчүн жаңы үйлөр курулууда.

Жакында эле мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып курулган Чыңгыз Айтматов көчөсүндө 612 батирлүү заманбап жана ыңгайлуу турак жай комплексин тапшырдык.

Мындан сырткары, жер-жерлерде жаңы турак жай куруу үчүн мезгил кутулары салынды. Азыркы тапта республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Кудай буюрса, биз ипотекалык механизмдердин жардамы менен турак жайга муктаж болгон бардык жарандарды үй менен камсыз кылабыз.

Курулуштун жогору темпине карабастан, салынып жаткан үйлөрдүн сапатына да жогору талаптар коюлууда.

Ар бир долбоордо сейсмикалык коопсуздук, энергия натыйжалуулугу, инфратүзүмдүн толуктугу камсыздалган мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары жана жашоо үчүн керектүү башка объектилер эске алынган.

Кезекке туруп, батир алып жаткандардын катарына жаш үй-бүлөлөр, мугалим агай-эжейлер, дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз бар.

Ошентип, “Менин үйүм” программасы узак мөөнөттүү, жеткиликтүү жана туруктуу шарттар менен ипотекалык каржылоону камсыз кылууда. Албетте, бул иш-аракеттер – муктаж жарандарыбыз үчүн өз үйүнө ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Ардактуу мекендештер!

Биз мындан ары да турак жай саясатын ишенимдүү улантып, жарандарыбызды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздоого болгон аракетти күчөтөбүз. Бүгүн ээлерине тапшырылып жаткан жаңы үйлөр жүздөгөн адамдар, үй-бүлөлөр үчүн бактылуу турмуштун себепкери болсун деп тилек кылалы.

Үйлөрүнүн астанасын аттоого ашыгып жаткан агайын-туугандар!

Ак өргөөңүздөр кут болсун!

Жаңы үйүңүздөрдө ар дайым жакшылыктар болсун!”.