Жаңылыктар
“Нарын” аэропорту бир айдан кийин ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
“Нарын” аэропорту бир айдан кийин ачылат

Нарын районунда жайгашкан Кеңеш айылындагы “Нарын” аэропортунун учуп-конуу тилесиндеги айрым жумуштар толук бир айдын ичинде бүткөрүлүп, май айынын соңунда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун төрагасы Манасбек Самидинов МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиевге аэропортто жасалган иштер боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштери аяктагандан кийин Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Нарын” аэропорту региондогу аба ырайынын шартынан, куруп жаткан компаниянын техникаларынын жетишсиздигинен, облуста асфальт заводдун жоктугунан жумуштар кечеңдеп жатты. Бирок  2023-жылы эле 500 чарчы метрди түзгөн аэровокзал толук бүтүп, ичинде шарттардын бардыгы түзүлгөн. Буюрса учуп-конуу тилкесиндеги жумуштарды  бүтүрүп беришсе, бир айдын ичинде Бишкек-Нарын каттамын ачабыз. Билет баалары 2100 сомдон башталат”,-деди ал.

Ошондой эле ал Ош облусуна жана Баткен облусуна дагы каттам ачса болоорун белгилеп, кыргыз-тажик чек арасы ачылгандыктан ал тараптан дагы туристтер келиши мүмкүн экенин кошумчалады.

“Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.