Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүнө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу бетондун жоктугунан токтоп турат.
Үйдү куруп жаткан "Аманат- Строй" Инвест компаниясынын курулуш устасы Азамат Акуновдун айтымында, буга чейин үйдүн бетон жумуштарынын 20 пайызы гана бүткөн. Учурда бетон жоктугунан жумуш токтоп турат.
"Нарындагы бетон заводдун лабораториясы жок болгондуктан андан алынган бетондун сапаты начар чыгып, убагында мүчүлүштүк аныкталып курулуш убактылуу токтотулган. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин корутундусу менен демонтаждоо иштери жүрүп, бир-эки дубал алынды. Бул жалпы курулушка залакасын тийгизбейт. Долбоор боюнча үй негизи бүтүш керек болчу. Бирок аба ырайынын каттаалдыгынан, логистикадагы көйгөйлөрдөн жана бетон заводунун жоктугунан курулуш кечеңдеп жатат",- деди ал.
МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев Нарындагы жумуш сапарынын алкагында курулуш иштери менен жеринде таанышты. Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурлан Худайкулов курулуш боюнча маалымат берип, жаңы салынып жаткан бетон заводдун курулушу бүтөрү менен жумуштар башталарын билдирди.
Тогуз кабаттуу төрт блоктон турган турак жай "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каражатына салынат. Жалпы наркы 747 миллион сомду түзөт. Үйдүн курулушу өткөн жылдын жаз айында башталган.
МинКабдын төрагасы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунда курулуп жаткан ипотекалык үйдүн, автовокзалдын, Нарын шаарынын “Шаарча” чөлкөмүндө кытай инвесторлору тарабынан курулуп жаткан “Теңир-Тоо Сити" турак жай комплексинин, Нарын-Баетов унаа жолундагы Ак-Кыя жолунун, калаанын ички жолдорунун курулушун дагы көрдү.