Жаңылыктар
Киров суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Киров суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар текшерилүүдө

Бүгүн, 16-апрель күнү таңкы саат 4:00дөн тартып Айтматов районундагы Киров суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандарга рейд жүргүзүлдү. Браконьерлерге мыйзам чегинде чара көрүү максатында экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматкерлери, ошондой эле жаратылыш сакчылары токойчулар менен биргеликте түнкү жана күндүзгү рейддерди жүргүзүшүүдө.

Рейд учурунда мыйзамсыз балык уулаган, же болбосо шек жараткан учурлар байкалган жок. Бирок кызматкерлер ага карабай суу сактагычтын айланасынан браконьерлер тарабынан мыйзамсыз салынган торлорду аныктоо аракеттерин жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда Бакыян айылындагы суу сактагычтын жээгинен мыйзамсыз салынган балык уулоочу торлор табылып, жок кылынды.   

Белгилүү болгондой, тыюу салынган көлмөлөрдө, дарыяларда балык уулагандарга мыйзам чегинде катаал жоопко тартуу каралган.