16-апрелде Нарын облусунда Жарандык коргонуу кызматтарынын республикалык алкактагы командалык машыгуусу башталды. Негизги машыгуунун жүрүшүнө Нарын облусу тандалып, анда 7 баллдык көрсөткүчтөгү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча теориялык жана практикалык иш-чаралар өтүүдө.
Машыгуунун ачылышы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өтүп, тиешелүү тармак башчыларына жана жарандык коргонуу кызматтарына тапшырмалар берилди.
Машыгуу алкагында жалпы эле өлкөнүн, анын ичинен Нарын облусунун өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы, күч каражаттарынын кору, техникалардын абалына жер-жеринде кароо жүргүзүлөт. Жыйынтыгында Нарын облусунун Жарандык коргоо тутумунун өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жою даярдыгына баа берилет.
Командалык машыгуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген “2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планынын” алкагында өтүүдө.