Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров 16-18-апрелге чейин Нарын облусунун аймагында өтүүчү республикалык деңгээлдеги командалык машыгууга тиешелүү шарттар түзүлүп, жетиштүү даярдыктан көрүлгөнүн билдирди.
Анын айтуусунда, өнүктүрүү фонддон каражат бөлүнүп 10 тонна күйүүчү май, жетиштүү сандагы материалдык жана техникалык күч каражаттар камдалган.
“Биз иш жүзүндө калктын жашоосуна реалдуу коркунуч туудурган, облустун энергетика жана айыл чарба тармагына олуттуу материалдык зыян келтире турган 8 обьектини аныктадык. Алардын арасында Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Чекенди-Талаа жана Кызыл-Эмгек участкаларында Нарын суусунун жээк эрозиясынын жою жумуштары бар. Машыгуу алкагындагы практикалык иште дарыянын нугун буруу иштери аткарылат”, - деди Адыл Сапаров.
Мындай жумуштар Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагындагы Нарын дарыясынын жээгин, Нарын шаарын аралап өткөн Чоң-Нарын каналынын жээгин, Кочкор, Жумгал жана Ат-Башы райондорунда дагы бирден сел жүрүү коркунучу бар каналдардын жээгин бекемдөө жумуштары жүрөт.