Кыргызстанда жыл башынан бери 1555 жолу жер силкинүү катталганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Нарын облусунда өтүп жаткан республикалык машыгуунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө болгон климаттык өзгөрүү Кыргызстанга да таасир этип, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн ар кандай өзгөчө кырдаалдар катталууда.
"Өткөн жылы 300дөн ашык сел каптоолор катталды. Быйыл жыл башынан бери эле күчү 2 баллдан 5 баллга чейин жеткен 1555тен ашык жер силкинүүлөр болду. Катталган кырсыктардын 80-90 пайызы табигый мүнөздөгү кырсыктар болууда. Биз өзгөчө кырдаалга даяр болсок кырсык катталган учурда зыяндарды алдын алабыз, адам өмүрүнө зыян келтирбей сактап калабыз. Бул үчүн ар бир мекеме-ишкана, Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүүнү, биринчи жардам көрсөтүүнү, кандай кызмат кылуу керектигин окуп үйрөнүү зарыл. Андыктан машыгууга көңүл кош карабай, өзгөчө кырдаалга даяр турушубуз керек",- деди.
Министр орун басары буга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаалга жылына 300 миллион сом бөлүнүп келсе, быйыл 500 миллион сом бөлүнгөнүн да кошумчалады.
“Өлкө боюнча 10 минден ашык жер көчүү, сел жүрүү, жээк эрозиясы сыяктуу 10 миңден ашык кооптуу аймактар бар. 300 миллион сом менен чектелүү гана иштерди алып барып келгенбиз. Каражат аз болсо кооптуу аймактарда кырсыктын алдын алууга мүмкүн эмес. Быйыл 500 миллион сом каралды. Облустарда өнүктүрүү фонддордун түзүлгөнү, алардын эсебинен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга кошума каражаттар тартылып жатат”, - деп кошумчалады Урматбек Шамырканов.