Баткен Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы кооз өрүкзарда “Өрүкзар” аттуу эл аралык поэзия фестивалы өтүүдө. Ачык асман алдында өткөн маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандын бардык аймактарынан жана коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген белгилүү акындар, маданият жана адабият ишмерлери катышууда.
Иш-чара алгач Кыргызстандын бир кездеги жетекчиси, залкар инсан Исхак Раззаковду эскерүү жана анын айкелине гүл кою менен башталды.
Фестивалга келген акындар Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепке барып, белгилүү акындын атындагы музей менен таанышты.
Маданий иш-чарада 40 жашка чейинки жаш акындар арасында поэзия сынагы өткөрүлүп, катышуучулар ар кыл тилдерде өз ырларын элге тартуулашты. Фестиваль акындар үчүн эл аралык адабий диалогду өнүктүрүүгө жана достукту чыңдоого арналган аянтчага айланды.
Фестивалдын жүрүшүндө Раззаков шаарынын 1-кичи районундагы бир көчөгө Курбаналы Сабыровдун ысмы ыйгарылып, акындын эл арасындагы кадыр-баркы дагы бир жолу белгиленди.
Быйыл бул фестивалдын өтүп жатканына 35 жыл болду. Аны белгилүү кыргыз акыны Абдилаат Дооров негиздеп, жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Иш-чарада жеңүүчүлөргө Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлык тапшырылат.
Мамлекет тарабынан расмий колдоого алынган бул жолку фестиваль 3 күнгө созулат.