Жаңылыктар
“Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалында баш байгени акын Максат Жангазиев алды
Кыргызстан жаңылыктары
“Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалында баш байгени акын Максат Жангазиев алды

Баткендин Лейлек районунда 3 күндөн бери өтүп жаткан “Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалы бүгүн кечинде жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Фестивалдын ыр сынагында акын Максат Жангазиев 1-орунду (диплом, 100 миң сом) алып, Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү болду. Акын кыздар Гүлүмкан Исаева 2-орунду (70 миң сом, диплом), Махабат Касейинова 3-орунду (50 миң сом, диплом) багындырды. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка (35 миң сом) Бүкалча Маматали кызы жана Жибек Сапар кызы татыктуу болду.

Маданий иш-чарада 40 жашка чейинки жаш акындар арасында поэзия сынагы өткөрүлүп, катышуучулар ар кыл тилдерде өз ырларын элге тартуулашты. Фестиваль акындар үчүн эл аралык адабий диалогду өнүктүрүүгө жана достукту чыңдоого арналган аянтчага айланды.

Быйыл бул фестивалдын өтүп жатканына быйыл 35 жыл болду. Аны белгилүү кыргыз акыны Абдилаат Дооров негиздеп, жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Быйылкы фестиваль жогорку деңгээлде өтүп, ага кошуна өлкөлөрдөн да акындар жана маданий ишмерлер катышты.