Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Муратбек Азымбакиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Сагынбек Абдумуталип дайындалды.
41 жаштагы дипломат Сагынбек Абдумуталип 2005-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чыгыш таануу бөлүмүн бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, түрк, фарс жана кытай тилдеринде сүйлөйт. Дипломатиялык рангы — 2-класстагы кеңешчи.
Буга чейин Эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министрлигинде этникалык кыргыздар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, Тышкы иштер министрлигинде тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, ушул эле министрликте Чыгыш өлкөлөрүнүн, Азия жана Африка департаменттеринде экинчи катчы, Тажикстандагы элчиликтин биринчи катчысы, андан кийин ушул эле өлкөдө элчинин кеңешчиси, Ирандагы элчинин кеңешчиси кызматтарында иштеген.