Нарын шаарынын Ленин атындагы борбордук жолунун реконструкциясы октябрь айы менен толук бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев билдирди.
“Нарын шаарындагы Ж.Шералиев жана Ленин жолунда жумуштар жүрүүдө. Быйыл октябрь айына төрт тилкелүү, түнкү жарыктандыруу, тротуарлары, ирригация тутуму менен заманбап жолду бүтүрүп колдонууга беребиз. Сапатына көзөмөл катуу болот”,-деди ал.
Жолдун жалпы узундугу 9,5 чакырым болсо, туурасы тротуары менен 24 метр болот. Учурда жолдун боюндагы троллейбустун түркүктөрү, ар кандай курулмалары алынып, эки чекесин кеңейтүү жумуштары жүрүүдө. Жолдун реконструциясына 727 миллиион 800 миң сом жумшалат.
Ал эми Ж.Шералиев көчөсүн асфальттоо жумуштарынын жалпы наркы 106 миллион сомго бааланып, 2.2 чакырымды түзгөн жолдун негизги бөлүгү 2 тилкелүү болуп, тротуар, ирригациялык тутумдары, жарыктандыруусу менен жасалат. Жол толугу менен кеңейтилип, жолдун негизги бөлүгү жасалып, учурда бордюрларды коюу жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары Нарын шаарынан жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн 39 ички көчө оңдолот. Бул үчүн 93 миллион сом жумшалат.