Нарын-Баетов жолунун курулушу ыкчамдайт, бул үчүн чоң компаниялар тартылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев билдирип, жолдун биринчи этабын быйыл бүткөрүү пландалып жатканын айтты.
Нарын - Баетов авто жолун куруу доолбору 615 млн. сомго бааланып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Учурда жолдун Ак-Кыя участкасындагы 8-13-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, суу каналынын трубасын салуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 33-38-чакырым аралыгында Куланак ГЭСинин тушуна жаңы салынып жаткан 75 метр көпүрөнү көтөрүүчү 20 бетон түркүк куюу иштери “БАТ-Строй” компаниясы тарабынан жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жолдун 84-120-чакырым аралыгында “Чайна Рэйлби-5” кытай компаниясы тарабынан топо сьемка иштери жасалып, жолдун 36 чакырым аралыгына асфальт катмарын төшөө иштери жүргүзүлөт.