Жаңылыктар
Нарындын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгына баа берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгына баа берилди

Жарандык коргонуу кызматынын республикалык алкактагы машыгуусунун жыйынтыгы чыгарылып, Нарын облусунун өзгөчө кырдаалга даярдыгына “жакшы” деген баа берилди.


18-апрелде Нарын шаарында Жарандык коргонуу кызматынын даярдыгы иш жүзүндө көрсөтүлдү. Ага калаанын Жаңы-Жол аймагында 10 багыт боюнча атайын даярдык иштери көрүлүп, жер титирөө, өрт, химиялык уулануу, антитеррордук абал жаралуунун мисалында куткаруу иштерин алып баруунун ыкмалары көрсөтүлдү. Ошондой эле ал жерде талаа госпиталы, талаа ашканасы, байланыш, энергетика, саламаттыкты сактоо сыяктуу кызматтардын биринчи жардам көрсөтүүчү 40 чатыры тигилип, даярдыктар боюнча көрсөтмөлүү маалыматтар берилди. Жарандык коргонуунун командалык машыгуусуна облустук деңгээлдеги 12 Жарандык коргоо кызматынын техникалары, өздүк күжүрмөн топтору, авариялык куткаруу кызматтары жана жөнөкөй жарандардан болуп, жалпы миңге чукул адамдар тартылган.


Нарын облусу башка региондордон айырмаланып жетекчилердин, кызматкерлердин жана жөнөкөй жарандардын жоопкерчиликтүү мамилеси жетишкендикке алып келди. Бул үчүн облустук бийликке, бардык райондук мамлекеттик администрация башчыларына, айыл өкмөттөргө, Жарандык коргонуу кызматтарына ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө кырдаал болгон учурда биз ынтымак менен табигый кырсыктардын кесепеттерин жоё алабыз”,- деди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов.

Нарын облусунда сел жүрүү, таш кулоо, көчкү жүрүү, жээк эрозиясы сыяктуу 500дөн ашык кооптуу аймак бар.