Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча жыйынтыктарын чыгарды: 1-январдан 11-апрелге чейин жабыркаган жарандар жалпы суммасы 19 021 818 сом болгон камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты. Бул цифралардын артында — жардам, колдоо жана калыбына келтирүү боюнча жүздөгөн чыныгы окуялар турат.
ОСАГО: Жол кырсыгынан кийин жардам
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 50 адам жол кырсыктарынан жабыркап, жардам алышты. Жалпы төлөмдүн суммасы 5 205 360 сом болду. Ар бир учурда камсыздандыруу зыянды компенсациялоодон тышкары, тез калыбына келүүгө жана мурдагы жашоо стилине кайтууга мүмкүнчүлүк берди.
Өрттөр: калыбына келтирилген үйлөр жана сакталган үй-бүлөлөр
Уюмдун өтө чоң ролу болгон кырсыктык кырдаалдарды, айрыкча кыска туташуудан улам болгон өрттөрдү жоюуда 46 үй-бүлө 7 484 170 сом камсыздандыруу төлөмдөрүн алып, үйлөрүн калыбына келтирип, жоголгонду кайрадан жаңылап, жаңы жашоого кадам ташташты.
Камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча - 6 332 288 сом
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дагы бир жолу далилдеди: камсыздандыруу — бул папкадагы кагаз эмес, чыныгы коргоо куралы. 19 миллион сом — бул жөн гана төлөмдөр эмес, ишеним, туруктуулук жана жарандардын коопсуздугуна болгон инвестиция.