Кыргызстанда санарип сом 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоордук тобунун жетекчиси Айгүл Бакесариева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Санарип сом нак бир сомго барабар болот. Алгач аны пилоттук долбоор катары “балага сүйүнчү” берүүдө колдонуу пландалып жатат.
“Санарип сомду колдонуу боюнча мыйзам 2027-жылдын башынан тарта күчүнө кирет. Учурда долбоордук иштер башталган. Эң биринчиден Конституциялык мыйзамдын негизинде Улуттук Банкка санарип сомду чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүк берилет. Платформанын ээси Улуттук Банк санарип сомду киргизүү иштерин бир нече фаза менен жүргүзөт. Биринчи фазада платформадан санарип акчаны чыгаруу, экинчиси банктар менен иштешүү. Анда банктардын тиркемесине санарип сом деген капчыкты киргизип, каражаттарды бир капчыктан экинчи капчыкка которуу боюнча иштерди жүргүзүшүбүз керек”, - деди Айгүл Бакесариева.
Санарип сомду мыйзамдуу түрдө Улуттук Банк гана блокчейн технология аркылуу чыгарат. Башка физикалык же юридикалык тараптар, банктар чыгара албайт. Учурда дүйнөнүн 130 өлкөсүндө санарип валютаны колдонуу боюнча ар кандай этаптарда иштер жүрүүдө.
"Улуттук Банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган. Ага 17-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам күчүнө кирген соң, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта деп кабылданат.