Нарын шаарында жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо боюнча заманбап жогорку технологиялык кластердик долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы медициналык борбор Ага Хан фондунун колдоосу менен академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында ачылат. Оорукана бийик тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына адистештирилген жардам көрсөтүүгө ылайыкталган биринчи оорукана болмокчу.
"Бул тоо боорундагы уникалдуу оорукана болуп, заманбап медициналык жабдуулар келет. Мында элдин Бишкекке баруусунун кажети жок болуп, жардам жеринде жеткиликтүү болот", - деди.
Кластерди түзүү жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана диагностикадан дарылоого чейинки комплекстүү моделди киргизүүнү камтып, келечекте Нарындагы бул тажрыйбаны дүйнөнүн башка тоолуу аймактарына жайылтуу пландаштырылууда.
Долбоор Бишкекте өткөн "Миррахимов окууларынын" алкагында "Кардиологиядагы жана ички оорулардагы инновациялар жана технологиялар" эл аралык илимий-медициналык форумунун деңгээлинде талкууланды.