Казакстандын Алматы шаарында 20-апрелде өткөн эл аралык деңгээлдеги чуркоо боюнча марафондо нарындык жөө күлүк Толгонай Шааева алтын медаль менен кайтты.
40 мамлекеттин жөө күлүктөрү катышкан марафондо Толгонай Шааева 21 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгып, алтын медаль багынтты. Бул аралыкка 60 жаштан жогорку 10 миңден ашык жөө күлүк ат салышкан.
“Мен мектеп жашынан эле чуркап жүрөм. Мектептен эле лыжа, волейбол, баскетбол, теннис боюнча көптөгөн мелдештерге катышчумун. Ошондо дене тарбия сабагынан берген агайым “сенден бир нерсе чыгат, дене тарбия мугалими бол” деп кеңеш берген эле. Агайымдын кеңеши менен дене тарбия мугалими болуп калдым. Алган билимдин өзөгү, жемиши ушул, ийгиликтерди багынтып келе жатам. Бул менин тилегим болчу. Кыргыз аялдарынын арасынан спортту пропагандалоо менен ийгиликтерди жаратуу максатым болгон. Буюрса, тилектерим орундалып жатат. Эми алдыда Европадагы мелдештерге катышуу максатым бар”, - деди Толгонай Шааева.
Нарындагы К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин окутуучусу Толгонай Шааева 2012-жылдан баштап эл аралык марафондорго катышып келе жатат. Жылына 5-6 жолу марафон өтсө бардыгына катышууга аракет кылып келет. Жөө күлүк учурда 62 жашта.