Президент Садыр Жапаров бүгүн Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен Бахрейн Королдугуна расмий сапар менен барды.
Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Бахрейн Королдугунун тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейн Королдугунун Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган алгачкы расмий сапары.