Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Бахрейн Королу Хамад бин Иса Аль Халифа менен расмий жолугушуу аземи болду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Бахрейн Королу Хамад бин Иса Аль Халифа менен расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн Манама шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болду. Азем Бахрейн Королунун сарайында өттү.

Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин эки мамлекеттин лидерлери саламдашышты. Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Бахрейн Королдугунун мамлекеттик гимндери аткарылды. 

Президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын урматына 21 замбирек залпы атылды. Мындан кийин мамлекет башчылар Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Аземдин расмий бөлүгү аяктаган соң Садыр Жапаров менен Хамад бин Иса Аль Халифа делегация мүчөлөрүн тааныштырып, эки тараптуу жолугушуу үчүн сүйлөшүүлөр залына өтүштү.