Жаңылыктар
Баткендик багбандын Кытайдын базарына чыгуу кыялы
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендик багбандын Кытайдын базарына чыгуу кыялы

Баткендин Кадамжай району өлкө аймагында агрардык, тагыраагы  түркүн мөмөлүү дарактар өскөн бакчылык аймагы катары да таанымал. Аймактын элинин басымдуу бөлүгү багбанчылык менен алектенет. Эң көп гилас, шабдалы, алма, малина өстүрүлүп, өндүрүлгөн продукция ички рыноктон сырткары Казакстан менен Орусияга да экспорттолот.


Ниматилла Раимов Үч-Коргон аймагынын тургуну. Дээрлик 10 жылдан бери багбанчылык менен алектенет. 2 жарым гектар жер аянтына 3 жарым мин түп карлик сортундагы гилас көчөтүн отургузган.

Багбан мол түшүм алууда эң оболу көчөткө туура кам көрүү жана убагында дарылап, зыянкечтерден сактоо керектигин айтат. Бул багытта атайын Баткен өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат. Ошондой эле быйылкы түшүмүн Кытайга экспорттоону да көздөөдө.

Кадамжай районунда жалпы багбанчылыка багытталган 6801 гектар жер  аянты бар. Багбандар жылына гиластан эле 6300 тоннадай түшүм алат. Анын 2 миң тоннадан ашыгы чет өлкөлөргө экспорттолсо, калган бөлүгү ички рынокто сатылат. Мындан сырткары аймакта шабдалы, алма, малина сыяктуу мөмө-жемиштин бир канча түрү өстүрүлөт.