Президент Садыр Жапаров менен Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
21-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугуна расмий сапарынын алкагында Бахрейн Королу Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнаштары жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бахрейн Королдугунун Жаштар иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Бахрейн Королдугунун Юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы Юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жана Бахрейн Королдугунун Юстиция, ислам иштери жана вакфтар министрлигинин ортосундагы Дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана Бахрейн Королдугунун Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.