Жаңылыктар
Кара-Кулжадагы Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кулжадагы Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөөгө жалпы 116 адам тартылды.

20-апрель күнү Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган жаш бала түшүп кеткен. 22-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6, жалпы 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 100 болуп, баардыгы 116 адам тартылды.