Жаңылыктар
Садыр Жапаров Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Манама шаарына (Бахрейн Королдугу) расмий сапарынын алкагында Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө финансы-банк тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Бахрейн Королдугу бүгүнкү күндө натыйжалуу экономикалык жана финансылык саясаттын үлгүсү болуп саналаарын жана Жакынкы Чыгыштын жана аймактын таанылган банк борбору экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын банк системасы да өнүгүү баскычында экенин, республикада банк ишин ислам принциптерине ылайык жүргүзүү үчүн мыйзамдык база түзүлгөнүн баса белгиледи. 

Калкта арасында ислам банкинг кызматына суроо-талап өсүп жатканын эске алуу менен Садыр Жапаров Бахрейн тараптын катышуусу менен Кыргызстанда жаңы ислам коммерциялык банкын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 

Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашыруу Борбор Азиянын 80 миллиондон ашык калкы бар бизнес секторун камтууга мүмкүндүк берерин жана убакыттын өтүшү менен ислам принциптери менен иштеген аймактагы эң ири банкты түзүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. 

Өз кезегинде Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма Президент Садыр Жапаровдун иш сапарына өзгөчө маани берерин баса белгилеп, Улуттук банк жана өлкөнүн башка каржы институттары менен кызматташууну тереңдетүүгө толук даяр экендигин билдирди. 

Бул контекстте Хасан Халифа Аль-Жалахма Бахрейндин Борбордук банкында банк тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгилеп, кыргызстандык адистерди окутууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал ошондой эле Бахрейндин Борбордук банкы Кыргызстанда ислам каржы институтун түзүү сунушун дыкат карап чыгууну, Улуттук банк менен кызматташуу программасын бекитүүнү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра баштоону көздөп жатканын айтты. 

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин кең келечегине ишеним билдиришип, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.