Жаңылыктар
Баткенде “Өрүк гүлү” эл аралык фестивалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде “Өрүк гүлү” эл аралык фестивалы өттү

Баткен шаарында "Өрүк гүлү" аталышындагы эл аралык фестиваль өттү. Баткен облусунун бренди болгон өрүктү даңазалоого багытталган фестивалдын алкагында өрүктөн жасалган азыктардын түрлөрү, анын ичинде кургатылган өрүктүн 10дон ашык сорту, шербет, кыямдар жана өрүк дарагынан жасалган комуз, кыл кыяк сыяктуу кооз буюмдар көргөзмөгө коюлду.

Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштар жана каада-салттар да көрсөтүлдү.

Иш-чарага коңшу Өзбекстандан келген коноктор катышып, эки элдин достугун даңазалаган маданий программа тартууланды. Концертте кыргыз-өзбек элинин маданият кызматкерлери тарабынан салттуу музыкалык обондор жаңырып, майрамдык маанай тартууланды.