Жаңылыктар
476 миң долларлык грант уткан кыргыз жигит
Кыргызстан жаңылыктары
476 миң долларлык грант уткан кыргыз жигит

Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Эмилбек Бакиров АКШ, Катар жана Канаданын алдыңкы университеттерине толук грант менен кабыл алынды

Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Эмилбек жалпы суммасы 476 миң доллар болгон каржылоого ээ болду. Ал дүйнөгө таанымал Carnegie Mellon University Qatar университетин тандады. Бул университет АКШдагы Carnegie Mellon Universityнин эл аралык кампусу болуп эсептелет.

Министрлик анын жетишкендиги билимге умтулган жаштар үчүн жакшы үлгү болорун белгиледи.