Жаңылыктар
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 80ден ашык долбоор ишке ашат
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 80ден ашык долбоор ишке ашат

Жыл башынан бери өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу боюнча  9 келишимге  кол коюлду. Бул тууралуу  Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун Долбоорлорду тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн улук эксперти Карина Бактыбекова бүгүн Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, учурда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунда 80ден ашык долбоорду ишке ашыруу каралган. Долбоорлор өлкөнүн ар кайсы - саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында ишке ашырылат. Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 5 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 50дөн ашык долбоор ишке ашуу этабында турат. Дагы 30га жакын долбоорду даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.  

9 долбоордун эң ирилеринин бири - “Транс Евразиялык маршрут”. Бул америкалык компания жана “Кыргыз темир жолу” менен биргеликте Макмал-Каракол темир жолун салуу долбоору. Анын инвестициялык көлөмү 3 млрд. доллар.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми - бул мамлекеттик сектор менен жеке инвесторлордун өз ара пайдалуу кызматташтыгы. Бул ыкма бюджеттик каражаттарга түшкөн жүктү азайтып, заманбап инфраструктураны тез арада курууга шарт түзөт.

Ошондой эле долбоорду ишке киргизүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.