Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Бахрейнге расмий сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Бахрейнге расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугуна 21-22-апрелде жасаган расмий сапары аяктады.

Манама шаарына болгон сапардын биринчи күнүндө Президент Садыр Жапаров менен Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль Халифанын расмий жолугушуу аземи болду.

Салтанаттан кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саясий,соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, инфраструктура, маданият, юстиция жана дин чөйрөсү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы Бахрейн Королдугунун Улуттук жыйынынын Консультативдик кеңешинин Төрагасы Алибин Салех Аль-Салех менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейинде болду. Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап азыркы Бахрейнге чейинки ар түрдүү мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.
 Президент Бахрейн тарапка өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуумүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Бахрейндин Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин Төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту. Финансы-банк тармагындагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Бахрейнге расмий сапарын аяктап, 22-апрелде Ысык-Көл облусуна кайтып келди.