Иш сапардын алкагында Алмамбет Шыкмаматов 22-апрелде Талас шаарында соода тармагынын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Алгач Талас шаарындагы соода жайларын кыдырып, салык тармагында киргизилип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле ишкерлердин салык жаатындагы көйгөйлөрүн жеринде укту. Салык кызматынын төрагасы чакан жана орто бизнеске патенттик система аркылуу салык төлөөдө жеңилдиктер берилерин, соода тармагында салыктык ставкалар жөнгө салынып жатканын белгиледи.
Өткөн аптада Президент тарабынан кол коюлган салык жаатында реформаларга жана ишкерлерди колдоого багытталган Жарлыктын мааниси жана максаты тууралуу түшүндүрүп берди. Алмамбет Шыкмаматов базардагы соода түйүндөрүндө иштеген ишкерлер менен баарлашууда салык жаатында көйгөйлөр менен алешемдиктер орун алган жагдайга туш болду. Сатуучулар дээрлик баары ККМ аппараттарын колдонбой калган көрүнүшкө күбө болду. Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, аталган жагдай ККМ иштетүү жана кирешени көзөмөлдөө системасы өзүн актабагандыгын жана ишке ашпагандыгын толук ачыктады.
Соодагерлер патент менен иштөө алар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалашты. Алар салык жаатындагы акыркы өзгөрүүлөргө ынанганын билдиришти. Талас облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов 22-апрелде, күндүн экинчи жарымында аймактын ишкерлери менен жолугушту.
Алгач салык кызматынын төрагасы салык реформасы жаатында акыркы өзгөрүүлөр жана 2025-жылдын 18-апрелинин № 133 «Ишкердик субъекттерин колдоо жана салыктардын ставкаларын жана салыктык администрациялоону оптималдаштыруу чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын максатына токтолду. Ал белгилегендей, Жарлыкка ылайык, чакан жана орто ишкердикти коргоого багытталган патент системасы киргизилет.
Мындан тышкары зергерлик менен алектенген ишкерлерге берилген жеңилдиктер берилет. Эң башкысы ишкерлерге жана ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн баса белгиледи. Төрага салык системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү жана башка жагдайлар тууралуу кеңири айтып берди. Жолугушуу 3 саатка созулуп, жандуу маанайда, суроо-жооп форматында өттү.
Жергиликтүү тургундар акциз салыгын салуудагы адилетсиздик көрүнүштөр, аймактардагы коомдук тамактануу жайларына салыктык төлөмдөрдүн бирдиктүү ставкасын киргизүү, салыктык санкцияларды чегерүү жол-жоболору боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы, Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө карата сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Ишкерлердин жеке арыз-муң, кайрылууларынан тартып, салык реформаларын колдоого алуу боюнча пикирлери, соода тармагынын өкүлдөрүнүн ишин жеңилдетип, экономикага салым кошуу боюнча демилгелери көтөрүлдү.
Козголгон көйгөйлөр, келип түшкөн сунуштар, кайрылуулардын ар бирине жекече токтолгон Алмамбет Шыкмаматов жарандардын көйгөйлөрүн жеринде райондук салык инспекторлору менен биргеликте иликтеп чыкты. Айрым маселелер боюнча ишкерлерди кабыл алып, чечүү жолдорун аныктоого убадасын берди. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар акыркы жылдардагы мамлекеттеги бардык тармактардагы өзгөрүүлөрдү баса белгилешти.
Өлкөдөгү алгылыктуу аракеттер, өнүгүүлөр сезилээрлик экендигин айтышып, бул үчүн Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана анын командасына ыраазычылык билдиришти. Жыйын соңунда ишкерлер салык тармагындагы реформалардын ийгиликтүү ишке ашуусуна тилектеш экендигин билдиришип, өлкөнүн мындан ары дагы ынтымакта өнүгүүсүн каалашты.
Эске салсак, салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун Талас облусуна иш сапары бүгүн, 23-апрелде улантылат. Сапардын алкагында ал кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле, облустагы Талас району, Манас жана Айтматов райондорунун салык башкармалыктарынын кызматкерлери менен жолугушат.