“Азыр баары жакшы, эл-журт тынч болсун, уруш болбосун!” деп кан майдандын каардуу күндөрүн эстегиси келбеген Сатынды ата азыр Нарын облусундагы көзү тирүү Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери.
Алты кыз, төрт уулду тарбиялап тууруна кондурган Сатынды ата учурда Ат-Башы айылында жашайт. 27 неберенин, 23 чөбөрөнүн тилегин тилеп, төрүндө жана сыйында.
Сатынды Жапаров 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 18 жаш курагында 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Казакстандын Алматы шаарында №32-Аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, согуш мезгилинде Ленинград шаарын бошотууга катышкан. Сатынды ата тынч жаткан элдин бакубат жашоосун бузуп, миллиондогон адамдын өмүрүн алган согуш тууралуу эстегиси келбейт.
Бирок биздин сурообузга: “Ата Мекенди коргоо үчүн согушта Ленинградда жана Москванын айланасында болдум. Мекенди коргодук, жеңип чыктык. Жеңиш биздики болду. Эми эл-журт тынч болсун, тынчтык болсун, уруш болбосун, азыр баары жакшы”,-деп кыскача жооп узатты.
Сатынды ата 1945-жылы согуштан жаракат алып, аскердик госпиталда дарыланып, ошол эле жылы октябрь айында Ак-Муз айылына келип, чарбачылык иштерде иштеген. 1948-жылы Фрунзедеги эт, сүттү кайра иштетүү боюнча окуу жайына кирип, аны 1949-жылы ийгиликтүү аяктап, 1949-жылдан 1989-жылга чейин Ат-Башы районунда сүт кабыл алуу заводунда мастер болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Ардагер уул-кыздарын турмуш жолунда жоопкерчилик менен ак эмгек кылууга үндөп татыктуу билим, тарбия берүү менен тууруна кондурган.
“10 бир тууганбыз. Атам баарыбызды окутуп, кесип ээси кылды. Өзү аябай эмгекчил, таза жана тыкан. Бизди дагы эмгекке, жоопкерчиликтүү болууга, тактыкка, чынчылдыкка, тазалыкка катуу тарбиялады. 40 жыл сүт заводунда иштеди. Сүт кабыл алууга барганда биз дагы барып жардам берчүбүз. Жумуш бүткөндөн кийин пункттун айлана-тегерегин тазалатчу. Талапты катуу койгону менен мүнөзү жумшак. Апам дагы бир катуу сөзүн уккан жокмун деп айтып калчу, апама да аябай жакшы мамиле кылган экен. Тилекке каршы апабыз 66 жашында өтүп кеткен.
Негизи атам согуш тууралуу эстегиси келбейт, бирок майдандагы күндөрүн, ачарчылыкта кыйналгандарына карабай эл-жерди коргоо үчүн кыйынчылыктарды баштарынын кечиргенин кеп кылчу. 1944-жылы согушка кеткиче айылда машак терип, өгүз, ат менен жер айдаганын айтып, “жарма менен эле чоңойдук. Апабыз бадырак бышырып бир кочуштан бөлүп берчү” деп айтып берчү”, - деди уулу.
Ардагер атабыздын балалыгы оор турмушка, жаштыгы согушка туш болуп, кийин түйшүккө толгон менен 10 баланы татыктуу тарбиялоо менен сыймыктуу өмүр сүрүп, 27 небере көрүп, аларды дагы ак эмгекке тарбиялаган.
“Бизге чоң атам согуштагы көргөн кыйынчылыктарын, ачарчылык тууралуу көп айтып берген. Баарыбыз чогу чай ичип отурганда биз балабыз да, катыган нанды жебей, жумшак нан сурап чырдаганда “азыркыдай кенен нан жок, курсагыбыз ач күндөр көп болгон. Нанды тандабагыла, баркын билгиле, согуш учурунда күкүмгө зар күндөрүбүз болгон. Тамакты эч качан ысырап, кесир кылбагыла,” -дечү.
Согушта көп кыйынчылык тарткандыктан балдарынын бардыгын эмгекке үйрөтүп жакшы тарбия берди. Чынчыл, тазалыкты туу туткан, ак эмгекти сүйгөн сапаттарын баарыбызга үйрөттү. Элине кадыр барктуу, мекенге тынчтык орнотууга салым кошкон ардагердин небереси болгонума сыймыктанам.
Биздин жаркын жана жакшы жашообуз үчүн согушка барып, бейкуттук алып келген чоң атама терең таазим! Чоң атабыз көп жашасын деп тилейбиз!”, - деди небереси Нурай Сатындиева.
Сатынды Жапаровдун 40 жыл бир тармакта эмгектенген иши, күжүрмөндүгү мамлекет тарабынан бааланып, 1966-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, 1974-жылы КРнын Эт, сүт, өнөр жай министрлигинин «1974-жылдын Социалисттик мелдештин женүүчүсү» наамы, 1988-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун «Эмгектин ветераны» медалы, Улуу Ата Мекендик Согуштун 50-60-65-жылдыктарына карата юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Ошондой эле 1985-жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун «Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу» деген II даражадагы ордени, 1996-жылы «Жуковдун медалы», КРнын Эт, сүт, өнөр жай министрлигинин, Нарын областык партиялык комитетинин, областык Эл Депутаттар Кеңешинин Ардак грамоталарынын ээси.