УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, үч кабаттуу коммерциялык жайды, «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганын аныкталды.
Ал буга чейин, маркум кримтөбөл К.Асанбектин жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кармалган жаран жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.