“Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына 500 айдоочу керектигин аталган ишкананын директору Талант Капаров УТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө билдирди.
Мындай муктаждык Бишкек мэриясы жаӊы автобустарды сатып алып, жаӊы линиялар кошулуп жаткандыктан улам чыгууда.
Учурда мекемеде 1 миң 407 автобус бар, жалпысынан 59 каттам тейленет. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы менен 120 электробус жана 95 автобус сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ал автобустар улам-улам алынып келүүдө. Аларга да айдоочу керек.
Айдоочулардын айлыгы 55 миң сом. Эгерде белгиленген 168 баланстан көбүрөөк айдашса 70 миңдин тегерегинде, максималдуу көрсөткүчкө чыккан айдоочулар кээде 100 миң сомдой алат.