Жаңылыктар
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо кызматында системдүү коррупциялык схема аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо кызматында системдүү коррупциялык схема аныкталды

УКМК тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды жана бөгөт коюлду.

ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору мыйзамсыз материалдык байуу максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жарнамалык чаптамаларды чаптоого уруксат берүүчү документтерди берүү схемасын уюштурушкан (уруксат берүүчү документ унаанын кузовуна чаптамаларды чаптоодо айып пулдан качуу үчүн зарыл).

Транспорттук каражат ээлери уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн кайрылганда, арыз туура түзүлүп жана толук маалыматтар берилген учурда уруксат берилүүчү документтер акысыз берилиши керек. Бирок жооптуу адамдар жасалма жол менен ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, өз аракеттери менен жарандарды акчалай сыйлык берүүгө мажбурлашкан.

Бишкек ШИИББ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө ЖКККББдагы бул коррупциялык схеманын уюштуруучусу «М.А.З.» аныкталып кармалды. Ал 2025-жылдын 22-апрелинде УКМКнын УКЖсына киргизилди.

УКМК тарабынан жогоруда белгиленген коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.